super.kg logo

Тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандардын бири Түркияга операция жасатуу үчүн жөнөтүлдү

 

Бүгүн, 14-майда Кыргыз-Тажик чек арасындагы тажик тараптын кол салуусунан 1983-жылы туулган К.Ч. Түркияга операция жасатуу үчүн жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу "Тез жардам" унаасы менен аэропортко жеткирилди.

"Тажик тараптын кол салуусунан жаракат алган К.Ч. 1983-жылы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Интернационал айылында туулган. Ал 30-апрелде Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келинген. Ал көзүнүн чел кабыгынан жаракат алган. Ага операция жасалгандан кийин компьютердик томографиядан оң көзүнүн ичинде кичинекей нерселер байкалган. Ал бүгүн Түркияга операция жасатуу үчүн кетти.

Операцияга кеткен чыгымды "Кызыл жарым ай" коому каржылайт", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Тажикстандын агрессивдүү кол салуусунан кыргыз тараптан 189 адам жаракат алып, 36 адам каза болгон.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: