super.kg logo
  Саясат  

Оштогу жүргүнчүлөр жол кирени унаадан түшөрдө эмес, унаага кирип жатканда төлөп башташат

 

Ош шаардык жүргүнчүлөрдү тейлөө агенттиги бүгүн, 22-октябрда коомдук унаалардын айдоочуларынын катышуусунда жыйын өткөрдү. Агенттиктин жетекчиси Шайлообек Атазовдун айтымында, жыйында жүргүнчү ташуудагы жаңы бааларга расмий түрдө уруксат берилди. Айдоочуларга ишти белгиленген убакытта баштап жана аяктоо милдети жүктөлдү. "Жаңы баа коюлду, эми чын көңүлдөн иштегиле. Силерди саат 21:00гө чейин иштөөгө милдеттендирем. Ишти саат 19:00дө эле токтотуп жатканыңар боюнча көптөгөн даттануулар түшкөн",- деди Атазов. Ал эми айдоочулар шаардыктардан жол кирени коомдук автоунаадан түшүп бара жатканда эмес, унаага кирип бара жатканда берүүгө чакырышты.  

 

Айта кетсек, Бишкекте жүргүнчүлөр жол кирени унаага кирип бара жатканда төлөшсө, Ош шаарында буга чейин унаадан түшөрдө төлөп келишкен. 11-октябрда Ош шаардык кеңеши жол кирени троллейбустарда 6 сом, автобустарда 8, кичи автобустарда 10 сом кылып бекиткен. Буга чейин Ош шаарында жол жүрүү акысы мындан  2 сомго арзан эле. 

 

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: