Ноокенде жеңил унаа оодарылып кетип, 84 жана 73 жаштагы эки адам жабыркады
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Daewoo Nubira үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши 1948-жылы туулган К.К. жана 1937-жылы туулган К.Б. жабыркаган.
Куткаруучулар жабыркаган жарандарды унаадан чыгарып "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:27
2025-06-30

12:26
2025-06-30
11:56
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.