super.kg logo
  Саясат  

Кылмыш-жаза кодексине электр энергиясын уурдагандарды жоопко тартуу боюнча түзөтүүлөр киргизилди

 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине электр энергиясын уурдагандарды жоопко тартуу боюнча түзөтүүлөр киргизилди. "Энергетика секторун реформалоо 10 жобонун негизинде түзүлгөн. Алар башкаруу деңгээлин жакшыртууга багытталган. Административдик эле эмес, мыйзам боюнча да жоопко тартуу каралган",- деди 22-октябрдагы тегерек столдо Энергетика жана өнөр жай министрлигинин статс катчысы Батыркул Баетов. Анын айтымында, өкмөт укуктук-нормативдик базанын күчөтүлгөн түрдө иштешине киришүүдө. "Электр энергия, газ, жылуулукту калк, жеке ишкерлер энергетикалык компаниялардын кызматкерлери менен сүйлөшүп алып уурдап жатышат жана алардын саны өсүүдө. Учурда электр энергия товар катары бааланып калды",- деди ал. Мындан сырткары 2017-жылы энергетика тармагы өзүн-өзү каржылай турган баалар саясаты иштелип жатканын кошумчалады. Түзөтүүлөрдө көз карандысыз эсептөөчү борборду түзүү, корпоративдик башкарууну жакшыртуу, кардарлар менен иштөө саясаты, ар бир кызматкердин иштөө максаты, аудит жүргүзүү маселелери каралган. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: