ТИМ: "Санкт-Петербург шаарында терезеден кулап кеткен 10 жашар кыргыз кызынын абалы оор"
Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Санкт-Петербург шаарында терезеден кулап кеткен 10 жаштагы кыргыз кызынын абалы тууралуу маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, 11-май күнү 10 жаштагы кыз көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен кулап кеткен.
"Кыз алган жаракаттардын негизинде жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда абалы оор, жакынкы арада операция жасоо пландаштырылууда. Учурда кыз өз алдынча дем алып жатат. Бул маселе учурда элчиликтин көзөмөлүндө", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.