super.kg logo

15-майда өлкөдө кандай аба ырайы күтүлөт?

 

Эртең, 15-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Күндүз Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +19…+24;

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +19…+24;

Баткен облусунда ​түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;

Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн +11…+16, күндүз +22…+27;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…+6, күндүз +13…+18;

Бишкекте түнкүсүн бир аз жаан жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +22…+24 градус болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: