super.kg logo

Бишкекте көчөдөн акча чогулткан ыктыярчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

 

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү акча чогулткан кайырчылар жана ыктыярчыларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милициянын кайгуул кызматкерлери унаа жүрүүчү чоң жолдордо кайырчылык менен алек болгон жана атайын бейтаптарга жардам көрсөтүү максатында айдоочулардан акча чогулткан ыктыярчыларга жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

"Өзгөчө тилемчилик менен алек болгон жарандар чоң көчөлөрдүн кесилишинде туруп, айдоочулардан акча чогултууда башка жол кыймылынын катышуучуларына абдан эле тоскоолдуктарды жаратууда. Айдоочулар алардан айланып өтөм деп кээде жол кырсыгына кабылып же “Коопсуз шаар” долбоорунун видеокөзөмөлдөрүнө түшүп калууда.

Ошол эле көрүнүш борбордук көчөлөрдөгү ыктыярчы катары акча чогултуп жаткан жарандарда да байкалууда. Алар жолдо унааларды аралап жүргөн учурларда унаа сүзүп же жол кырсыгы катталуу коркунучу пайда болууда. Ыктыярчы болуу жакшы, сооп иш, бирок ошол эле учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери пайда болуп жаткандыгын эскертүүдөбүз", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.05.2021. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар оздору эле движение кылып журушот,берилген жардамды толук жеткизгени ким кепилдик берет,,,Булар мошенниктер
14.05.2021. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Билбей айта беруу туура эмес,ыктыярчылар жардам берип атышат деген эле умуттомун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: