super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Садыр Жапаров АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү элчисин кабыл алды. Эмне маселе талкууланды?

 

Бүгүн, 14-майда өлкө башчы Садыр Жапаров АКШнын Кыргыз өлкөсүндөгү атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Дональд Луну дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги тууралуу пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы коронавирус пандемиясына каршы күрөштө берген жардамы үчүн америкалык тарапка ыраазычылыгын билдирген.

"Садыр Жапаров Дональд Луну АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча жардамчысы кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ал жаңы иши менен эки тараптуу кызматташууну чыңдоо үчүн билими жана тажрыйбасын жумшаарына ишенерин айтты", - деп жазылат билдирүүдө.

АКШ элчиси Дональд Лу азыркы оор мезгилде АКШ тарап төмөнкү үч багытта кызматташууну кеңейтүүгө даяр экенин белгиледи: гуманитардык жардам көрсөтүү, пандемиянын андан ары жайылышына каршы күрөшүү жана демократиялык кайра түзүмдөр.

Ошону менен катар калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү маселелеринде өз ара кызматташууну арттырууга даяр экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: