Прокуратура: "Ысык-Көлдө 3,48 гектар жайыт жер мамлекетке кайтарылды"
Ысык-Көл облустук прокуратурасы тарабынан 3,48 гектар жердин менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Ысык-Көл райондук сотунун 2015-жылдын 6-июлундагы чечими менен жайыт катары эсептелген 3 миллион 86 миң сомдук жер тилкеси К.А. аттуу жарандын менчигине мыйзамсыз берилип кеткендиги такталды.
"Бул кыймылсыз мүлктү мамлекетке кайтаруу максатында облустук прокуратура райондук соттун чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү доо арыз менен облустук сотко кайрылган. Апелляциялык инстанциядагы сот прокурордук чара көрүү актысын толугу менен канааттандырды. Прокуратуранын кийлигишүүсү менен белгиленген жер тилкеси мамлекеттин балансына өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.
