super.kg logo

"Буга чейин дагы 2 унааны айдай качкан". Чүйдө унаа айдай качууга шектүү жаран кармалды

 
Чүй облусунун Москва районунда өзүнө тиешелүү эмес унааны айдап качканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-майда Москва РИИБине Беловодск айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин Ниссан Примера үлгүсүндөгү унаасын 14-майга караган түнү үйүнүн жанында токтоп турган жеринен белгисиз бирөө айдап кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-беренеси "автотранспорт каражаттарын айдай качуу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
"Издөө иш-амалдарынын натыйжасында Садовое айылындагы көчөлөрдүн биринен жогорудагы кылмышка шектелип, 1998-жылы туулган жаран кармалган. Териштирүү иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын Москва районунун аймагында эки унаа айдай качууга аракет кылуу фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Кармалган жаран Москва райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: