"Бир нече жолу үйүнөн качкан". Чүйдө 16 жаштагы кыз дайынсыз болуп изделүүдө
Чүй облусунун Жайыл районунда 16 жаштагы Сальмина Асылбекова аттуу кыз дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 3-май күнү Жайыл райондук милициясына 1968-жылы туулган жаран арыз менен кайрылган. Арызда 2005-жылы туулган кызы 25-апрель күнү болжол менен саат 12:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
Белгилери: бою 165-168 сантиметр, чачы кара узун, көздөрү күрөң.
Кийген кийими: үстүнө кара түстөгү күрмө, боз түстөгү гүлдүү көйнөк, ак түстөгү бут кийим.
"Белгилей кетүүчү жагдай, изделип жаткан кыз бир нече жолу үйүнөн кача бергендиктен, милиция кызматкерлери тарабынан үйүнө жеткирилген. Буга байланыштуу кызы өзү келет деп ойлоп, апасы май айында гана арыз жазган. Учурда кыз Бишкек шаарында болушу мүмкүн деген ыкчам маалыматтар бар", - деп билдиришти Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан.
