Депутат Райкан Төлөгөнов "Кыргызгаз" сатылды, бирок газ берүү токтотулса жарандар кимге кайрылат?" деди
Жогорку Кеңештин депутаты Райхан Төлөгөнов "Кыргызгаздын" Орусияга сатылышында Кыргызстандагы газ колдонуучуларынын укугун коргоо жагы такталбай калганын айтты. Айта кетсек, бүгүн, 22-октябрда ЖКнын Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинде "Кыргызгазды" "Газпромго" сатуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү аралык макулдашууну ратификациялоо маселеси каралды.
Автор: Автандил Добулбеков
"Эгер газды жаап коюшса, каякка барып арызданабыз?",- деген Төлөгөнов өкмөттү бул маселени карап чыгууга чакырды.
"Кыргызгаз" ишканасынын директору Тургунбек Кулмурзаев жаратылыш газына байланыштуу пайдалануучулардын укугун коргоо боюнча мыйзам алсызданганын моюнга алып, бирок жарандардын укугун коргоо боюнча чаралар көрүлө турганын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

