super.kg logo

Индияда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 24 миллиондон ашты

 

Индияда акыркы сутка ичинде 343 миң 144 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 24 миллион 46 миң 809 адамды түздү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, Индияда акыркы 3 аптадан бери коронавирус жуктуруп алгандардын рекорддук көрсөткүчү катталууда. Күн сайын 300 миңден ашуун адамдан вирус аныкталып жатат. 12-майда вирус катталгандардын жалпы саны 22 миллион болсо, бул көрсөткүч бүгүн, 14-майга карата 24 миллиондон ашты.

Буга чейин маалымдалгандай, индиялыктар өлкөдө күч алып жаткан коронавирустан даба издеп, уйдун заңы менен заарасын денелерине сүйкөп жаткандыгы жазылган.

Андан көп өтпөй индиялык дарыгерлер менен саясатчылар жарандарга кайрылуу жасап, уйдун заңы менен заарасы коронавируска эч кандай дарычылыгы жок экендигин айтып, тескерисинче башка инфекцияларды жуктуруп алуу коркунучу жогору экендигин айтып чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: