super.kg logo

ИИМ: "Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды"

 

Мелис Аспековдун кайрылуусу боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармакта Аспековдун кайрылуусу жарыяланып, анда ал учурдагы президент 10-январда өткөн Кыргыз Республикасынын президентин шайлоо алдындагы үгүттөө иштеринде мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдон 10 миллион доллар алгандыгын, акча каражатын Кыргыз Республикасынын бардык облустарында шайлоо алдындагы үгүттөөгө коротконун билдирген. Мунун негизинде ал ишенимдүү адамдары тарабынан шайлоочуларды сатып алууну жүргүзүп келгенин дагы кошумчалаган.

14-май күнү бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 192-беренесинин 1-бөлүмү ("шайлоочуларды сатып алуу") менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Азыркы учурда жогорудагы фактылар боюнча зарыл болгон бардык тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.05.2021. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чонток прокуратура эмнеги чечмек эле?Кайдагы Бир жомокту айтасынарда.Жаш баланы алдаганбай,жебир уялыпда койушбайт.Жогор жакта баары тупойлоп иштешеби билбейм?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: