super.kg logo

"Ачылышына Садыр Жапаров катышты". Ысык-Көл облусунда ири канаттуулар фермасы ишке кирди

 

Бүгүн, 14-майда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Сары-Камыш айылында "Агро-Куш" ири канаттуулар фермасынын ишке киргизилишине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысына аталган ишкананын ишмердиги канаттуулар этин өндүрүүгө багытталгандыгын маалымдашты. Долбоор канаттууларды багып-өстүрүп, аларды сойгонго чейинки толук циклди караштырат.

Бүгүнкү күндө жылына 2 миллион 500 миң жумуртка өндүрө турган инкубатор ишке киргизилди. Инкубациядан кийин өстүрүү процесси жүрөт. Ишканада заманбап европалык жабдуулар колдонулат, жаңы тоют заводу курулган, ошондой эле саатына 3000 канаттууну соё турган касапкана салынган.

Баштапкы этапта ишкананын жалпы кубаттуулугу жылына 8500 тонна тирүүлөй салмакты түзөт деп күтүлүүдө. Экинчи фазаны ишке ашыруу менен бул көрсөткүчтү жылына 20 миң тоннага чейин жеткирүү пландаштырылууда.

Өлкөдөгү эң ири канаттуулар фабрикасын ишке киргизүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 3 миллион 500 миң АКШ доллары өлчөмүндө жеңилдетилген каражат бөлүнгөн.

Мамлекет башчысы ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоонун жана өнүктүрүүнүн өзгөчө зарылдыгын белгиледи. Ал бул ишкананын ишке кириши өлкөнүн ички рыногунда өндүрүшкө түрткү болот деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров бул ишкана ички керектөөдөгү экологиялык таза продукцияны камсыздоого шарт түзөрүн канааттануу менен белгиледи.

Ал Министрлер кабинетинин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө канаттуулар фермасында жаралган көйгөйлөрдү чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтүүнү, ошондой эле Ысык-Көл облусунун аймагындагы башка өндүрүш ишканаларын ачууга көмөктөшүүнү тапшырды.

Ишкананын эмгек жамааты менен баарлашууда президент Садыр Жапаров өлкөдөгү пландаштырылып жаткан социалдык-экономикалык реформаларга, анын ичинде өлкөнүн бардык аймактарынын тургундарынын жеңилдетилген ипотекалык ресурстарга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелерине токтолду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 10 
Комментарийлер(1)
14.05.2021. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садыкем тооктон баштайын деген го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: