super.kg logo

УКМК: "УКМКнын кызматкерлери президентке кайрылды деген маалымат фейк"

 

Социалдык тармактарда УКМКнын кызматкерлеринин атынан президент Садыр Жапаровго Камчыбек Ташиевге карата чара көрүү боюнча кайрылуусу тараган. Мекеменин басма сөз кызматы бул маалыматты фейк деп билдирди.

"Социалдык тармактарда кызматкерлер президентке кайрылды деген билдирүүлөр чындыкка дал келбейт. Бул кызыкдар күчтөрдүн аракеттери, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын убактысын мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуунун негизги милдеттеринен алаксытуу аракеттеринин элементтеринин бири. Бүгүнкү күндө УКМКнын өздүк курамынын моралдык-психологиялык климаты бирдиктүү жана өлкө жетекчилиги тарабынан дагы, мекеме тарабынан дагы алдыга коюлган милдеттердин ийгиликтүү аткарылышы үчүн бардык шарттар түзүлгөн", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: