super.kg logo
  Спорт  

Футбол: Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарына Кыргыз курамасына кимдер чакырылды? (тизме)

 

Александр Крестинин башында турган футбол боюнча Улуттук курама команданын машыктыруучулар штабы 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпиондугунун жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогунун тандоо турларына даярдык көрүү үчүн чакырыла турган футболчулардын тизмесин жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, негизги тизмеге 25 футболчу кирип, дагы 5 оюнчудан турган кошумча тизме даярдалды. Кошумча тизмеге кирген футболчулар зарылчылык болгон учурда улуттук курамага чакырылышы мүмкүн.

Негизги тизме:

Дарбазачылар: Валерий Кашуба, Кутман Кадырбеков (экөө тең – Дордой), Эржан Токотаев (Алга).

Коргоочулар: Валерий Кичин (Енисей, Орусия), Тамирлан Козубаев (Шинник, Орусия), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, Мустафа Юсупов, Кайрат Жыргалбек уулу, Александр Мищенко (баары – Дордой), Алмаз Маликов (Алай);

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дуйшөбеков (Шейх Рассел, Бангладеш), Муролим Ахмедов (Бангладеш Полис Клаб, Бангладеш), Эдгар Бернхардт (Андижан, Узбекистан), Алимардон Шукуров (Неман, Беларусь), Фархат Мусабеков, Турсунали Рустамов (экөө тең – Дордой), Ахлидин Исраилов, Элдар Молдожунусов (экөө тең – Алай), Одилжон Абдурахманов (Бунёдкор, Узбекистан), Гулжигит Алыкулов (Кайрат, Казакстан);

Чабуулчулар: Мирлан Мурзаев, Абай Боколеев (экөө тең – Дордой), Эрнист Батырканов (Кызыл-Жар, Казакстан).

Кошумча тизме:

Дарбазачы: Павел Матяш (Алга)

Коргоочулар: Акрамжон Умаров (Алай), Кайрат Изаков (Абдыш-Ата)

Жарым коргоочулар: Азим Азаров (Алга), Азиз Сыдыков (Дордой)

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы 30-майда кыска убакытка окуу-машыгуу жыйынына чогулуп, 2-июнда Япониянын Осако шаарына учуп кетет.

Алдыдагы беттештердин тизмеси:

7 июнь:
Кыргыз Республикасы - Монголия,

11 июнь:
Мьянма - Кыргыз Республикасы,

15 июнь:
Япония - Кыргыз Республикасы.

3 беттеш тең Осако шаарында өтөт.

"Ак шумкарлар" Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия менен "F" тайпасында жайгашкан. 5-турдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз курамасы Япониядан кийин 7 упайы менен 2-орунда келе жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(6)
16.05.2021. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алга Кыргызстан!!! Спортчуларга ийгилик!!!
16.05.2021. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле Дордойдун оюнчулары го...
16.05.2021. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akskg,быйыл башка клубтардан бираз кошуптур. Мурдакы оюндарда 98% дордой эле.
16.05.2021. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 ойунду тең жеңиш керек ошондо чыгабыз ийгилик жигиттерге
16.05.2021. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байматов Алгага ойноп кетсе чакырбай койдубу? Сборный эмес Дордой болуп калыптыр, Землянухин, Байматов, Люкс,кана
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: