super.kg logo
  Саясат  

"Центерранын" президенти: "Биз меморандумдун негизинде "Кумтөр" боюнча жаңы келишим түзүүгө кызыкдарбыз"

 
Канадалык тарап "Кумтөрдү" башкаруу боюнча меморандумдун кабыл алынышына аракет кылат. Муну 22-октябрда маалымат жыйында "Центерра" компаниясынын президенти Ян Аткинсон билдирди. Аткинсон "Кумтөр" боюнча кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүүдө бир пикирге келиш үчүн олуттуу кадамга барганын да айтты. 

 

"Ишкананы кайра түзүү жагымсыз жагдай жаратат. Эгер биз жаңы келишим түзсөк инвесторлор үчүн да жакшы болмок. Бул Кыргызстан инвесторлор менен иштешүүгө даяр экенин көрсөтөт",- деди Аткинсон.  

 

Аткинсон "Кумтөрдү" денонсациялоо боюнча: "Биз сотто өз кызыкчылыгыбызды коргоого мажбур болобуз. Маселе сүйлөшүү жолу менен чечилет деген үмүттөмүн. Биз кыргыз өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүп, меморандумдун негизинде жаңы келишим кабыл алууга кызыкдарбыз",- деди. 

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: