super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз-Тажик чек арасындагы жабыркагандарга акчалай жардам көрсөттү

 

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткен облусунун жарандарын колдоо максатында атайын эсепке 500 миң сом которду. Бул маалыматты SUPER.KG порталына Баткен облусунун администрациясы тастыктады.

Мурунку мамлекет башчысы каражаттан тышкары аталган аймакка 20 тонна ун жиберген.

Эске салсак, ушул жылдын 28-апрелинде тажик тарап Головной суу бөлүштүрүүчү жайына видео көзөмөл орнотууну баштаган. Тургундар орнотулган камераларды алып салууну талап кылышкан, кийинчерээк эки тарап тең бири-бирине таш ыргытып, чыр ырбап кеткен.

Чыр-чатактын кесепетинен 36 адам каза болуп, 200гө чукул адам жаракат алды.

Тажик тараптын агрессивдүү кол салуусунан кийин 1-майда Баткен облусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов жетектеген Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталган.

Анда эки тарап мындан ары эл дайымкыдай тынчтыкта жашап, толук стабилдүүлүк орнойт деген бүтүмгө келишкенин билдиришип, жолугушуунун жыйынтыгында 4 пункттан турган протокол кабыл алышканын жарыялашкан.

Андан 2-3 күн өтпөй Тажикстандын маалымат булактары Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан биргеликте Ворухка жол кура турганын жана салынган жолду башкаруу тажик тараптын компетенциясында боло турганын жазып чыкты.

Бул жаңылыктын жарыяланышы жазылган маалымат боюнча Кыргыз тарапты комментарий берүүгө аргасыз кылды.

Көп өтпөй Кыргыз өлкөсү бул маалыматты тастыктап, Тажикстан менен биргеликте Ворухка жол кура турганын расмий кабарлады.

Бул маалымат жарыялангандан баштап азыркы күнгө чейин кызуу талкууланып, кайчы пикирлерди жаратууда.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Комментарийлер(8)
17.05.2021. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Берсин жеген акчаларын
17.05.2021. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Kuban-1207,туура.
17.05.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эн сонун!!!
17.05.2021. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Булар унчукпай отура бермек эле, кечеки жанылыктарда Бакиевдин 4 400 000 сом которгонун укпаганда
17.05.2021. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Aidar.001, Бакиев акча которду деп жазып коюшту тастыктаган эч кандай далил жок.
18.05.2021. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jelezo,Сага тактап бергенге милдеттүү эмес.Фонддор бар,ошолор айтышат.6 миллион адпмга көрсөтүп чыгышы керекби?Ойлонуп жазсанар.
17.05.2021. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушул жерде кычып комментарий жазгандар! Силер канча котордунар? Аз да болсо кошо алдыңарды? Мен коштум мисалы.
nurka_85 түзөттү 2021-05-17 17:44:02
18.05.2021. 06:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
БакиевТен акыл уйронуптурда Бакиевтен кийин кылыпсын 7 миллион бербейсинби.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: