Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги мыйзам бузган айдоочуларга эскертүү берди
21-октябрда Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги айдоочулар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө коомдук транспорттун айдоочуларына элдин нааразычылыгы арбын экендиги айтылып, автобус жана троллейбустук каттамдардын кээ бир контролёрлору тез арада алмашылышы керектиги айтылды. Ал эми кечки саат 21:00гө чейин каттабаган жана белгиленген аялдамага токтобой, мыйзам бузган айдоочуларга эскертүүлөр берилди. Жолугушуунун жыйынтыгында айдоочулар тарабынан жүргүнчүлөрдү жол кирени унаага түшкөндө алдын ала жол акы төлөө тартибине чакыруу талабы айтылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:19
2025-07-08
19:51
2025-07-07

Рейтинг:
0

