Беловодск айылында таңга маал белгисиз унаа жөө адамды сүзүп кеткен. Жабырлануучу ооруканада каза болду




Чүйдүн Беловодск айылында таңга маал жөө адамды сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
16-май күнү саат 05:00 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунда, тактап айтканда Беловодск айылында белгисиз унаа, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерден из жашырган. 50 жаштагы жабырлануучу аймактык ооруканага жеткирилип, алган жаракаттарынын негизинде жандандыруу бөлүмүндө каза болуп калган.
Бул факты катталган соң кызматкерлер айдоочуну издеп, 1996-жылы туулган А.у.Э. аттуу айдоочу кармалган. Ал Кара-Балта шаарынын тургуну. Учурда айдоочу Москва РИИБинде, ал эми Дэу-Лабо унаасы айып короосуна токтотулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.