Кытай альпинисттерге Эверестке чыгууга тыюу салды
Непалда коронавирус илдетин жуктургандардын саны кескин жогорулаганына байланыштуу Кытай Эверест чокусуна чыгууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Кытай бийлиги Эверестке Тибет тараптан чыккан коңшу Непалдын альпинисттери коронавирусту алып жүрүүчүлөр болуп калышы мүмкүн деген кооптонуудан чокуга чыгуу үчүн уруксатты жокко чыгарууну чечти.
Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу альпинизмге тыюу салынган. Ал эми ушул жазда кытайлыктар Эверестке чыгууга 38 адамга уруксат беришкен - алардын бардыгы Кытайдын жарандары болгон. Непал 408 адамга уруксат берген.
Эске салсак, Эверест чокусунун бийиктиги 8 миң 848 метр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.