super.kg logo

Бухаралык еврейлер Юлдуз Усмонованын Палестина-Израиль жаңжалына байланыштуу айткан сөзүнө нааразычылыгын билдиришти

 

АКШдагы жана Израилдеги бухаралык еврейлердин жамааты өзбек эстрада ырчысы Юлдуз Усманованын Палестина-Израиль чатагына байланыштуу айткан пикирине нааразычылыгын билдиришти. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта айтылгандай, алар Усманова Израиль элинен "антисемиттик сөздөрү" үчүн кечирим сурашы керек деп эсептешет. Айрымдары "Юлдуз Усманованы Өзбекстандын Эл артисти наамынан ажыратуу керек" деген пикирин билдирген.

13-майда Юлдуз Усманова өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу Палестина-Израиль жаңжалы боюнча оюн билдирип, "Израилди баскынчы" деп атап, "аны мамлекет деп эсептебейм" деген.

Ырчы Палестина элине тилектештигин билдирип, "керек болсо Палестина үчүн күрөшүүгө даяр экендигин" айткан.

"Израилди мамлекет деп эсептебейм. Себеби алар өздөрүнүн баскынчы экендигин жакшы билишет. Адам өмүрүндө бир эле жолу өлөт. Керек болсо согушууга даярбыз. Керек болсо биз биригебиз. Палестиналыктар биздин баатырлар. Алар бул жерди коргоп жатышат", - деген Юлдуз Усманова.

Эске салсак, 11-майга караган түнү Израиль менен Палестинанын ортосундагы абал курчуп кеткен. Палестина Израилди көздөй ракета атса, израилдик күчтөр ага жооп катары абадан сокку урган. Анын кесепетинен эки тарапта кагылышуу курчуп, ондогон адам каза болуп, жүздөн ашуун адам ар кандай жаракаттарды алышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(8)
17.05.2021. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жылдыздын бети башка мойну башка тусто гоо
18.05.2021. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Mirnar, ички дүйнөсү менен сырткы дүйнөсү деле ошол сыяктуу. Убагында Бишкеке келип концерт коюп жүргөн кийин эле Ош коогалаңынан кийин Кыргызстан деген мамлекет жок мен үчүн махала деген сөзү бар бул эженин. Бул айткан сөздөрүнүн да баскынчы дегенинен башкасы чын дилден айтылганы чоң күмөнүм бар.
17.05.2021. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Буга только теги жок Озбекистан мамлекет, озбекистаны бар. Теги бар Кыргызстанды "махала" деген, эми буларга асылыппы?!
18.05.2021. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Ушул жерде Юлдузду колдоймун. Чын эле израил баскынчы.
18.05.2021. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Юлдуз мулдүзун менен жерге кирсин. Жөн отурбайт экен да бу катын. Каримов сазайынын берген экен эле, дагы шиши толуп калыптыр да.
18.05.2021. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жылдыз Осмонова туура айтыптыр ...
18.05.2021. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Туура Каримов билген екен бул созуго чын палестиндерге боор ллруй турмай бп жатаи бул еженин башка дабдыр создору да бар микрофонду ырдаганда ган бертш кк екен буга башка маалда жашыга копту коргонуго карап свйлобойт
18.05.2021. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Mubarak,сен мусулмансынбы эврейлер баскынчы эмес Ким анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: