super.kg logo

"Депутаттын баласы Porsche Panamera айдап бара жаткан". Кырсык боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат

 

Буга чейин депутат Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев велосипедчен жүргүнчүнү сүзүп кетти делген маалымат тараган.

Азамат Исаев Porsche Panamera үлгүсүндөгү унаа айдап бара жаткан. Маалыматты ИИМдин Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Тилек Исаев тастыктады.

"Унаа айып короосуна токтотулган, ал эми айдоочу тергөө кызматына өткөрүп берилген. Бул факты Октябрь райондук милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Тергөө тарабынан тийиштүү иштер аткарылып жатат", - деп билдирди Тилек Исаев.

Ал эми басма сөз кызматы унаанын чыккан жылын айткан жок.

Эске салсак, кечээ, 16-майда социалдык тармактарда кырсык болгон жерден тартылган видео тараган. Анда видеодон ак түстөгү Порше үлгүсүндөгү унааны көрүүгө болот.

Белгилүү болгондой, кырсык борбор калаанын Токтоналиев менен Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Жабырлануучу 1992-жылы туулган М.Ж. аттуу кыз ооруканага жеткирилген.

Көп өтпөй SUPER.KG порталына Депутат Иса Өмүркулов кырсык боюнча комментарий берген. Ал уулу наркоман эместигин айтып, буларга токтолгон: "Каршы тилкедеги унааларды өткөрүп, жол чырактан бурулуп жатканда велосипедчен кыз өтүп баратыптыр. Эреже боюнча, велосипедди жетелеп өтүш керек. Балам бурулганда тиги кыз келип велосипеди менен унаанын капталына урунуп калыптыр. Болгону ушул. Балам кылмыш жасабаса эмнеге кармалышы керек? Бул жол кырсыгы. Чечиле турган маселе жок, тема жабылган. Эч кимдин бизде доосу жок", - деп билдирген Өмүркулов.

2011-жылы Бишкек-Торугарт унаа жолунан ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол тандабас унаасы менен каршылаш тилкеге чыгып, Ауди үлгүсүндөгү унааны сүзгөн. Кырсыктан 3 адам каза болгон болчу. Натыйжада экс-мэрдин уулу шарттуу түрдө 7 жылга кесилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
17.05.2021. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мейли бул кырсык сиз айткандай кыздын куноосу экен дейли,буга чейинки 3адамдын олумуно ким жооп берет анда? Же ал жерде да сиздин баланыздын машинасына келип урунуп алышты беле?
17.05.2021. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эгерде ошо баласынын оордунда мен болгондо, Өмүркулов мени кунөөлөмөк, балким соттоп.жиберет беле.
17.05.2021. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообаа кичине тийип кетти болгону ошол, кылмыш жасабады. тапптаза аппак сут депгенсип жууп жайып коюптурго баласын. Кайра кызды куноолоп жакшы ошол кызды каматып жибербептир ошогода рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: