super.kg logo

Бишкекте апасы менен кызынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы өспүрүм СИЗО-1ге камакка алынды

 

Бишкекте апасы менен кызынын өлүмүнө шектелген 16 жаштагы өспүрүм СИЗО-1ге эки айга камакка алынды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим Свердлов райондук соту тарабынан 14-май күнү чыккан.

Белгилей кетсек, кылмышка шектүү өспүрүм 13-май күнү кармалган. Ал Ысык-Көл облусунда 2005-жылы туулган. Ысык-Көлдө 7-классты аяктагандан кийин 2018-жылдан бери Токмок шаарында жашап келгенин жана мурда соттолгонун милициядан билдиришкен.

Шектүү бала мыйзамдуу өкүлү жана жактоочусунун катышуусунда сурак берип, кылмыш ишине далил катары буюмдарды өткөргөн.

Окуянын чоо-жайы:

12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына шаардагы Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы жана 1990-жылы туулган жарандар болушкан.

SUPER.KG порталы окуя болгон жерге барганда туугандары жана кошуналары маалымат берүүдөн баш тартышкан.

Кийин биздин порталга өздүк булак маркум аялдын 2 кыз,1 уулу бар экендигин жана баласы буга чейин укук коргоо органдарында иштеп, кийин чет өлкөгө иштегени кеткенин айтып берген. Ошондой эле аларды коркутуп жүргөндөр бар болгонун кошумчалаган.

Ошондой эле буга чейин өздүк булактар шектүү маркум кыз менен уруша кетип, натыйжада ага болушкан апасы менен кошо кызды бычактап салганын айтып беришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2021. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мындай балдарды түрмөдө багып отурбай тирүүлөй зоопарктагы жырткычтарга бериш керек.
17.05.2021. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эжесин жаман жолдон кайтарайын десе керек да...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: