super.kg logo

Түштүк Африкада аялдарга бир эле учурда бир нече күйөөгө чыгууга уруксат берилгени жатат

 

Түштүк Африкада нике институтун реформалоо даярдалып жатат, бул аялга бир эле учурда бир нече күйөөгө тийүү (полиандрия) укугун берет. Тиешелүү мыйзам долбоору республиканын өкмөтү тарабынан жарыяланган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учурдагы мыйзамдардын негизинде, Түштүк Африка Республикасынын эркектери бир нече аял ала алышат, ал эми аялдар мындай мүмкүнчүлүктөн ажыратылган. Ички иштер министрлиги тарабынан даярдалган азыркы мыйзам долбоору аялдар менен эркектердин ортосундагы социалдык теңчиликти орнотуу менен ушул адилетсиздикти жоюуга багытталган.

Документке берилген департаменттин түшүндүрмөсүндө полиандрияны мыйзамдаштыруу чечими гендердик теңчилик маселесин терең жана кылдат изилдөөнүн натыйжасы болгон деп белгиленет.

"Өлкөдө көп аялдуулуктун болушу аялга ушундай укук берилип, анын мыйзамдуу жол менен бир нече күйөөсү болушун талап кылат" деген бийлик өкүлү.

Эми нике жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору коомдук талкууга коюлуп, июнь айынын аягына чейин уланат.

Түштүк Африка Республикасынын мурдагы президенти Жейкоб Зуманын мыйзамдуу түрдө төрт аялы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
17.05.2021. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздеги ЛГБТ укпасын
17.05.2021. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Байкуштарга бузкулукту акырын кагазга ороп мыйзамдаштырып жатыптыр да. Алар тең укутуулук деп бузулуп жатканын байкабай калышат.
Анан да көп эркек менен жата берген аялдын организми бузулат.
17.05.2021. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Харамдар
17.05.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Аял затын эркектин кабыргасынан жараткан Кудайым ,эми ушул кантип болсун көп эркеке тийген аял кимден бозуганын билбей ,баласы кимди ата дешти билбей...акыр заман белгилери бул
17.05.2021. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Куйоосу аялын берки куйоосунун уйунон алып кетип жатканын элестетип жатам,эч нерсе болбогондой...
17.05.2021. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Сенин катынын менин катыным менин катыным сенин катынын деген ушул го...
17.05.2021. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ошончолук эркектери көп болсо башка жактан үйлөнсүн. Аялдар көп го, дүйнө жүзү боюнча.
17.05.2021. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бизде ушундай мыйзам кабыл алса ит эле болдуко
18.05.2021. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркектер башка бирөө менен жаткан аялды албайт.Аял баары бир бирөөсү менен гана калат.Бул мыйзам баары бир иштебейт.
18.05.2021. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карап көрсөң жиндилер көп да ушу кантип болсун! Убагында Пайгамбарыбыз Мухаммед алейхиссаламга келип бир аял айткан экен. "Эркектерге мүмкүнчүлүкү болсо бир эмес бир нече аял алганга уруксат бердиңиз, аялзатына деле ошондой мүмкүнчүлүк бериңизчи" деп суранган экен ошондо Пайгамбарыбыз карап туруп," Сен алдагы чакадагы сүтүңө жарым суу куйайын сен экөөнү бөлүп берчи аралашкан суу менен сүттү" деп айткан экен.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: