super.kg logo

"Койлорду базарга алып барып сатып салган". Чүйдө уурулукка шектүү жаран кармалды

 

Чүй облусунун Жайыл районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-май күнү Жайыл РИИБине Кожомкул айылынын 1989-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 10-майга караган түнү белгисиз адам анын сарайында турган 4 баш коюн уурдап кеткендигин жазган.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "уурдоо" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Издөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Шектүү жаран уурдалган малды Аламүдүн районуна караштуу мал базарлардын бирине алып барып сатып салгандыгы белгилүү болгон. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатканын кошумчалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2021. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кой уурдаган Адам канча жылга камалат Ким билет,же толоп берип эле чыгып кетеби
17.05.2021. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4 кой үчүн 12 жыл. 120 кой үчүн камалбайт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: