super.kg logo

"Кыргыз жарандары сабалып, ооруканага түшкөн". Чек ара чыры боюнча өкүлчүлүк маалымат таратты

 

Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынан үч Тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар Тажик жарандарынын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен.


Ошол эле учурда Тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч Кыргыз жаранын кармап алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

"Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча тапшырма беришти.


Натыйжада эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Тажик жарандары кармап алган Кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү", - деди маалымат катчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
17.05.2021. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чек араны зым менен тосуш керек срочно. Анклавга башка жол салуунун кереги жок. Мурунку жолду колдоно берсин да. Ал эмнеге жарабай жатат ?
17.05.2021. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул чыр эч токтобойт границаны тосмой сайын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: