super.kg logo

Аскар Бешимов: "Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы окуя ЖККУ сыяктуу аянтчалар жаңжалды чечүүдө натыйжасыз экенин көрсөттү"

 

Бүгүн, 17-майда эксперттик коомчулук “Фергана өрөөнүндөгү чек ара жаңжалдарынын Борбордук Азиядагы глобалдык коопсуздук архитектурасына тийгизген таасири” аттуу тегерек стол өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө чек ара чырында топтолгон көйгөйлөр талкууланганын "Кабар" агенттиги жазды.

Анда тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Аскар Бешимов өз ара аракеттер болгон жерде гана дипломатия боло турганын, эгер бир тарап каалабаса анда дипломатия жабыркай турганын төмөнкүчө билдирген.

“Сирия, Ливия, Тоолуу Карабах дүйнөдө көйгөй бар экендигин көрсөттү. Өз кезегинде биздин Борбор Азияда дагы олуттуу көйгөйлөр бар. 30 жыл аралыгында өлкөлөр чек ара маселелерин чечүү боюнча бирдиктүү пикирге келе алышкан жок. Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы акыркы окуя ЖККУ сыяктуу аянтчалар талаш-тартыштуу жаңжалды чечүүдө натыйжасыз экенин көрсөттү. Балким, ушул көз караштан алып караганда биз Өзбекстан жана Түркмөнстандын үлгүсүндө тышкы саясатты башкача нукта жүргүзүшүбүз керектир”, - деген ал.

Андан ары ал аймакта жаңжалдын чоң мүмкүнчүлүгү бар экенин белгилеген.

“Калктын жыштыгы, суунун жана жайыттардын жетишсиздиги, буга кошумча Ооганстандагы абал барган сайын курчууда. Алар кайрадан өз ара бири-бирине каршы чыгабы деген коркунучтар бар. Анда эмне болот? Ушуга байланышту биз өзүбүзгө гана таянышыбыз керек. Биз үчүн көйгөйлөрүбүздү кимдир-бирөө чечип берет деген ишенимден алыс болушубуз зарыл", - деп кошумчалады Бешимов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
18.05.2021. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эң туура айтат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: