super.kg logo

Баткен ОИИБи: "Ак-Сайдагы окуя боюнча текшерүү иштери башталды"

 
Бүгүн Баткен районунун Ак-Сай айылында катталган окуя боюнча текшерүү иштери башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Тажикстан Республикасынын 2 жараны Ак-Сай айыл ичинде жөө баратып, өз алдынча байкоо жүргүзүп кыргыздардын намысына тие турган сөздөрдү айтышканда, Баткен районунун Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары кармап алышкан. Ошол эле замат тажик чек арачысы келип калганда, аны да жергиликтүү тургундар кармап алышат. Ал эми Ак-Сай айылынын 3 Кыргыз жараны Кишемиш жайлоосунан 2 Хундай-Портер үлгүсүндөгү унаалар менен кайтып келе жатканда Тажикстандын Ворух анклавында Тажик жарандары аркылуу кармалган.

Андан кийин Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундар Хундай Соната жана Хонда СРВ үлгүсүндөгү унаалары менен 4 Тажик жаранын кармап алышкан. Аталган аймакка Баткен ОИИБинин начальниги, милициянын полковниги М.Боронов, Баткен РИИБинин начальниги, милициянын полковниги А.Шагамурзаев келип, чогулган эл менен жолугушкан. Андан соң тийиштүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп эки тарапта кармалып турган жарандарды алмаштырышкан. Тажикстандын жарандары тарабынан кармалган 3 Кыргыз жараны Баткен шаарындагы облустук биргелешкен ооруканасына жеткирилди.
Бул окуя Баткен РИИБинин маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Азыркы учурда абал туруктуу", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.05.2021. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Карагылачы айланайындар Баткен жакты, бир ай өтө элек бийликтин эсинен чыга баштады окшойт, военныйларды толтуруп салгыла ошол айылдарга элдерге дем күч болсун, ушул кичине чыр чатакта араң басылайын деп турган жараны ырбатып жибериши ыктымал.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: