Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды
Сузакта мал айдап бара жатып дарыяга түшүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти."Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылындагы Канжыра дарыясына 2015-жылы туулган М.уулу М. мал айдап баратып Көк-Арт дарыясына агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Издөө иштерине 13 куткаруучу тартылып, кечки саат 17:00дө М.уулу М. аттуу баланын жансыз денеси табылып саат 17:24тө туугандарына өткөрүлүп берилди", - деди басма сөз катчы.
Буга чейин саат 12:45те ӨКМнын Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 5 кызматкер тартылып, дарыяга түшүп кеткен баланы издөө иштери жүрүп жатканы айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:39
2026-03-02
19:20
2026-03-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















