UFC мушкери Конор Макгрегор жаңы төрөлгөн ымыркайынын сүрөтүн көрсөттү
UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегор уулдуу болду. Ал жаңы төрөлгөн уулунун сүрөтүн өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү.
"Макгрегор үй-бүлөсүндө бешөөбүз болдук. Дени сак бала төрөлдү. Ымыркай жана анын энесинин абалы жакшы. Менин үй-бүлөм үчүн берилгендин бардыгына ыраазымын. Менин жаңы төрөлгөн уулум Риан Макгрегор", - деп жазды ал.
Өткөн жылы Макгрегор жана сүйүктүүсү Ди Дэвлин расмий түрдө баш кошушкан. Эки түгөй көп жылдан бери бирге түтүн булатып келишет.
Конор Макгрегор кийинки беттешин 10-июлда UFC 264 турниринин алкагында америкалык мушкер Дастин Порьеге каршы өткөрөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.