super.kg logo

"Кыргыз жарандарын сабаган Тажик жарандары жоопко тартылат". Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

 

Кечээ, 17-майда кечки саат 20:00дө Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Ражоббой Ахмадзода Кыргыз-Тажик чек арасында жолугушту.

Жетекчилер ошол эле күнү Кыргыз өлкөсүнүн Ак-Сай, Тажикстандын Ворух айылында, жарандардын кармалышы боюнча орун алган окуя тууралуу сүйлөшүшкөн. Бул тууралуу Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жыйынтыгында, Кыргыз жарандарын сабаган Тажик жарандарын мыйзам чегинде жоопко тартуу макулдашылды. Ошондой эле чек аралаш аймакта буга чейин орун алган окуялардын кайталануусуна жол бербөө, чыр-чатактардын алдын алуу, аймакта коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иш алып баруу сүйлөшүлдү. Чек ара аймактарындагы маселелерди ыкчам чечип туруу максатында, Баткен жана Согди облустарынын башчылары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен биргеликте, чек арада жума сайын жолугууну макулдашышты.

Натыйжада, Ак-Сай айылы менен Ворух айылынын кесилишкен жерине, эки айылга кирген-чыккан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн милиция кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлду. Ошондой эле чек аранын кооптуу участкаларында, эки мамлекеттин чек арачыларынын биргелешкен патрулу түзүлдү. Эки тараптуу сүйлөшүү түнкү саат 00:00гө чейин уланып, ага эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Өкүл Баткен районунун Ак-Сай айылынын эли менен да жолугуп, түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Учурда Баткен облусунун чек ара аймактарында абал тынч.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: