super.kg logo
  Саясат  

Дамира Ниязалиева: "Кыргызстан жакшы мыйзамдарды иштеп чыгуу жагынан алдыда, бирок аны аткарууда алсыз"

 
Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйыны. 2013-жыл, 22-октябрь
Депутат Ыргал Кадыралиева балдарды багып алуудагы эске алчу жагдайларга токтолду

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Балдарды социалдык коргоо боюнча 2012-2014-жылдары КРнын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү стратегиясынын жана КРнын Балдар кодексинин аткарылышы талкууга алынды.

Депутат Дамира Ниязалиева: "Кыргызстан жакшы мыйзамдарды иштеп чыгуу жагынан алдыда болгону менен, мыйзамдарды иштетүүгө келгенде кебелбегендей түр көрсөткөнү – тиешелүү органдардын ишке болгон кайдыгерлигинен",- деди.

Аталган стратегияда фостердик үй-бүлөлөрдү каржылык жактан колдоо жагы камтылыптыр. Мындай бала багып алуучу ата-энелерге 17 миң сомдон төлөп берүү сунушталган.

"Бул негиздер терең иликтенбесе, анда айрым бир ата-энелер өздөрүнүн балдарын интернаттарга өткөрүшүп, кайра эле өздөрү аларды багып ала башташса кандай болот?"- дейт депутат Ыргал Кадыралиева.

Талкуу соңунда жогоруда аталган маселелер боюнча атайын Өкмөттүк күн өткөрүү демилгеси көтөрүлдү. Өкмөттүк күндүн кайсы күнү болору азырынча белгисиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: