УКМК: "Василий Дашков кармалган жок"
"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын мурдагы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына атайын кызматтын маалымат кызматынан билдиришти.
Буга чейин бир катар жергиликтүү басылмалар Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан.
Андагы маалыматтарга караганда, бүгүн, 18-майда Дашков коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилгени айтылган.
Эске салсак, Дашков ээлеген кызматынан 25-мартта бошотулганы кабарланган. Буга чейин иликтөөчү журналисттер аталган тармактагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялаган болчу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Dembele84

18.05.2021. 15:54
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дашковунар жарылайын деп калыптырго чочкодой семириптир жей берип
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.