super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров менен Владимир Путин 24-майда Сочиде жолугат

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин 24-май күнү Орусиянын Сочи шаарында жолугушат. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат Владимир Путинге ишеним грамоталарын тапшыруу аземинде Путин өзү айтканын аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

"Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери бекемделүүдө. Биздин өлкөлөрдү жалпы тарых барактары бириктирип турат, биз өз ара ишенимди жана бири-бирибизге болгон сый-урматты сезебиз. Орусия менен Кыргыз өлкөсү соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда ийгиликтүү өз ара аракеттенишүүдө. 24-майда Сочиде боло турган президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда ушул темалардын бардыгы боюнча мазмундуу баарлашабыз", - деген Путин.

Бүгүн, 18-майда Садыр Жапаров мурда пландаштырылган эл аралык иш-чараларга байланыштуу аралыктан иштөөгө өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: