super.kg logo

"Балам жөндөн-жөн терезеден секирбейт болчу". Өзгөндө мектептин экинчи кабатынан секирген окуучунун атасы милицияга кайрылды

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында окуучу мектептин экинчи кабатынан секирип, жаракат алып ооруканага кайрылган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 17-май күнү саат 11:40 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылынын 16 жаштагы тургуну денесинен жаракат алып, Мырза-Аке айылдык ооруканасына кайрылгандыгы жөнүндө маалымат РИИБге келип түшкөн.

Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, төмөнкүлөрдү тактаган. 17-май күнү саат 08:00 чамасында Мырза-Аке айылындагы №3 Нурбаев атындагы орто мектептин экинчи кабатынан өспүрүм белгисиз себептерден улам секирген. Натыйжада айылдык ооруканага кайрылган.

Окуя боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүндө окуучу өзүнөн-өзү экинчи кабаттан секиргенин, кийин сурашканда ал өзүн-өзү текшерип көрмөкчү болуп, ушул жолго баргандыгын айтып беришкен. Ошол эле учурда жабырлануучунун атасы арыз менен кайрылып, арызда баласы жөндөн-жөн терезеден секирбей турганын, мектепте ага карата терс мамиле же өзүнүн жанын кыюуга мажбур кылуучу аракеттер болушу мүмкүн деген жүйө менен кайрылган.

Бул факты боюнча териштирүү башталып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: