"Евро-2020": "Карьерасындагы укмуштуудай бурулуш". Карим Бензема 6 жылдан кийин улуттук курамага чакырылды
Испаниянын "Реал Мадрид" футболдук клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема акыркы 6 жылдан кийин алгачкы жолу улуттук курамага чакыруу алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, башкы машыктыруучу Дидье Дешам "Евро-2020" турнирине катыша турган акыркы 26 оюнчунун тизмесин жарыялаган. Тизмеге Карим Бензема дагы кирген. Дешам Бенземаны негизги курамдагы чабуулчу катары дагы көрсөткөн.
Бензема улуттук курамада 19-номерде ойнойт. Анын 9-номеринде Оливье Жиру ойногондуктан бош эмес.
"Евро-2020" турнири 11-июндан 11-июлга чейин өтөт. Франция Германия, Венгрия жана Португалия менен бир тайпада ойнойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(1)
Dembele84

19.05.2021. 10:57
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеси укмуш?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.