super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Аскар Акаев "биздин сом "Кумтөргө" байланган" деп маалымат берди"

 

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңеште депутат Мейкинбек Абдалиев "Кумтөр" боюнча маселе көтөрдү.

"Кумтөр" боюнча чечим чыгарып бердик. Мурунку президент Аскар Акаев "биздин сом "Кумтөргө" байланган" деп маалымат берди. Соттук процедура башталган кезде канчалык деңгээлде коркунуч бар?", - деп депутат Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон сурады.

Абдыгулов "Сом "Кумтөргө" же башкага байланган эмес" деп жооп берди.

Депутат: "Сиздин сөзүңүзгө караганда, мурунку президент калп айттыбы?" деп сурады.

Абдыгулов дагы бир жолу сом эч нерсеге байланбаганын билдирди. "Аскар Акаевдин маегин көргөн жокмун. Соттук процедуралар сомдун курсуна түздөн-түз таасирин тийгизбейт", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: