super.kg logo

Чоң-Алай аймагындагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесине эки тараптын тең жарандары кирбей турган болду

 

Ош облусунун Чоң-Алай району жана Тажикстандын Лахш (Жерге-Тал) аймагындагы Кыргыз-Тажик чек ара тилкесине эки тараптын тең аскерлери жана жарандары кирбейт. Бул тууралуу эки өлкөнүн чек ара тозотторунун башчылары жолугуп сүйлөшкөндөн кийин белгилүү болгонун Министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлүгү SUPER.KG порталына кабарлады.

Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, интернетте "Чоң-Алай районунун Жекенди айыл өкмөтүнө караган аймактагы такталбаган жайытка тажик аскерлери техникасы менен кирип келди" деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Район акими Өскөн Мамажакыпов менен байланышканыбызда, ал Унжу-Булак жана Караганды-Сай жайыттарына өтүп кеткен мал-жандыкты чек арачылар азыркы тапта кайтарып жатат.

"Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймактагы жер 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча жер алардын картасында экен. Бирок жерди биздин жарандар эле иштетип жүргөн. Демаркация жана делимитация иштери жүргүзүлө электигинен мурда алардын чек арачылары алыстан көзөмөлдөп турса, учурда аймактын өзүнө кирип көзөмөлгө алып алышкан.

Бирок ал жер Тажикстанга караганда бизге ыңгайлуу жер. Эки тараптын чек ара тозотторунун башчылары жолугуп, такталбаган аймакка эки тараптын тең аскерлери кирбей туруу боюнча сүйлөшүлдү", - деди аким.

Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бурун Аманова чек ара маселесин кароону сунуштаган.

Ал "Алай тарапта чек араны тажик тарап бузуп жатканы жөнүндө маалыматтар чыгып жатат. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар? Чек ара кызматын чакырып маалымат алалы", - деген Аманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
19.05.2021. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмнеге ушинтип такталбаган жер узактан козомол кылган дей бересинер 1000жылдан бери кыргыз иштетип жашап келген жерлерди
19.05.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биздин солдаттар да тажик иштетип жаткан жерге бастырып кирип 1924 1928 1929 жылдарда кыргыздыкыкен деп корсундорчу антип карта кыла турган болсо россиянын жарымы кыргыздыкы болотко
19.05.2021. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Чоң-Алай менен Тажикстан чектешкен аймактагы жер 1924, 1927 жана 1989-жылдардагы карталар боюнча жер алардын картасында экен-дегени, уже алардыкы деген мааниде жазылыптыр. Эмне башка жылдарда кыргызстанга таандык экени жонундо маалыматтар жокпу ыя??? Силер деле ушул жылдардагы карталар боюнча бизге таандык, деп маалымат берсенер болбойбу???
akskg түзөттү 2021-05-19 13:39:04
19.05.2021. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биздикилер коркконунан могу жылдары картада бизге таандык жэр деп көрсөтө албай жатышат,Алардын талабына макул болуп...
19.05.2021. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран КЫРГЫЗСТАН барып барып Кыргызстан болуп калбагай эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: