Депутат Сулайманов насыялардын пайыздык үстөгү 31 пайыздан ашпашы керектигин айтты
Депутат Алтынбек Сулайманов насыялардын пайыздык үстөгү 31 пайыздан ашпашы керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Коммерциялык банктардын пайыздык үстөгүн ким аныктайт?" деп депутат Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдон сурады.
Абдыгуловдун айтымында, пайыздык үстөктү банктар өздөрү аныкташат.
Депутат пайыздык үстөктү 31 пайыздан ашырбаш керектигин белгиледи. "Бүгүнкү күндө 31 пайыздан көп үстөк насыя бергендер болуп жатат. Үстөктү 31 пайыздан ашырбоо зарыл", - деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
-1

