super.kg logo

Баткен облусунун башчысы чек арадагы үй-бүлөлөрдүн абалынан кабар алды

 

Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кечээ, 18-майда Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылына барды.

Анда ыйгарым укуктуу өкүл айылдагы чек арага жакын жайгашкан үйлөргө кирип, жашоочулардын абалынан кабар алган. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Облус башчысы аймакта абал туруктуу экенин айтып, айыл элинин коопсуздугу, облустун күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экенин билдирип, ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтарга ишенип, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Ошондой эле Ак-Сай жана Ворух айылдарынын ортосуна коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн Баткен жана Согди облусунун ички иштер кызматкерлеринин биргелешкен посту коюлганын жана чек аранын кооптуу участкаларына чек арачылардын жөө патрулу уюштурулганын айтты", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 17-майда Ак-Сай жана Тажикстандын Ворух айылдарында эки тараптан жарандардын кармалышы, Кыргыз жарандарынын тажик жарандары тарабынан сабалышы боюнча окуядан соң, Ак-Сай айылындагы аялдар, жаш балдары менен Баткен шаарына келишкен болчу. Тургундар аймакта абал кооптуу болуп жатканын айтып, тынчсызданууларын билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: