super.kg logo

Кара-Балтада үй-бүлөлүк чырдан улам үйүн өрттөп жиберген окуя. Жандандыруу бөлүмүндө жаткан аял үйүнө чыгарылды

 
Чүй облусунун Кара-Балта шаарында үйдөн чыккан өрттөн улам 40 жаштагы аял каза болуп, дагы бир 57 жаштагы аял көмүр кычкыл газына ууланып ооруканага түшкөн. Бүгүн, 19-майга карата алынган маалымат боюнча, аял ооруканадан үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жайыл райондук ооруканасынан билдиришти.
"Аял жандандыруу бөлүмүнө бир күн жатып, эртеси үйүнө чыгарылды. Азыркы учурда үйүндө дарыланып жатат", - деп билдиришти ооруканадан.
15-майда Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын көчөлөрүнүн бириндеги батирден өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Ыкчам иликтөө тобу барып тактаганда, өрттүн кесепетинен батир толугу менен күйүп, натыйжада батирдин 57 жаштагы ээси аял киши көмүр кычкыл газына ууланып, жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Ал эми үйгө конокко келген 40 жаштагы аял ууланып каза болуп калган.

Тиешелүү иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 54 жаштагы өрт чыккан батирдин ээси эркек киши кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Ал өзүнүн үйүн үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам өрттөгөнүн моюнуна алган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: