super.kg logo

Австрияда коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгондордун саны 100 кишиден ашты

 
Австрияда коронавируска каршы эмдөөдөн кийин каза болгондордун саны 100 кишиден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Австриянын саламаттыкты сактоо федералдык бюросунун отчётунда 2020-жылдын 27-декабрынан 2021-жылдын 14-майына чейинки мезгил камтылган. 85 өлүм BioNTech / Pfizer вакцинасы менен, 9 адам Moderna вакцинасы жана 12 адам AstraZeneca вакцинасы менен эмделген.
Билдирүүгө ылайык, бир гана бейтаптын өлүмү эмдөө менен так байланыштуу болгон. 49 жаштагы аял кандын уюп бузулушунан улам көз жумган.
Ал эми каза болгон бейтаптардын ичинен төртөөнүн өлүмү эмдөө менен байланыш аныкталбаганы белгиленди. 19 адам COVID-19 инфекциясын жуктургандан кийин эмдөөдөн өтүп, вирустун инкубациялык мезгилинде көз жумган. Тизмедеги адамдардын отуз үчүндө катуу өнөкөт оорулар диагнозу коюлган, өлүмгө себеп болушу мүмкүн. Дагы 41 адамдын өлүмүнүн жагдайлары боюнча тергөө иштери уланууда.
Ошондой эле Австрияда калкына эмдөө жүргүзүлүп жаткан мезгилдин ичинде эмдөөнүн терс таасирлери жөнүндө 24 миңден ашуун арыз катталгандыгы маалымдалды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: