Аламүдүн районунун жашоочулары Бишкектеги Горький-Ауэзов көчөсүн тосушту. Эмнеге?
Кечээ, 19-май күнү кечинде Аламүдүн районунун жашоочулары Бишкектеги Горький-Ауэзов көчөсүн тосуп салышты. Бул тууралуу видеолор социалдык тармактарга тарады.
Анда жергиликтүү жашоочулар аталган аймакта суунун өчүрүлүшүнө нааразы экендиктерин айтышкан. Алардын айтымында, буга чейин ичүүчү суу менен камсыздоодо көйгөйлөр болуп келген жана акыркы бир нече күндөн бери таптакыр суу жок.
Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясы билдирүү жасады. Анда мэрия суу өчүрүлбөй, көлөмү гана карыз көбөйүп кеткендиктен азайгандыгы айтылды.
"Бишкек суу канал” карызга байланыштуу Көк-Жар, Лебединовка, Новопавловка аймактарындагы турак жайларды ичүүчү суу менен камсыздоонун көлөмүн гана чектеген. Май айына карата карыз 17 миллион 896 миң 84 сомду түзөт.
Суу Бишкек шаарында колдонулуп жаткан стандарттарга ылайык, көлөмү 1 адамга күнүнө 165 литрге азайган", - деп айтылат мэриянын маалыматында.
Мындан тышкары мэрия Аламүдүн районундагы Лебединовка жана Кырман айылдарынын жашоочулары суу алуучу жайдын аймагына мыйзамсыз кирүү аракеттери көрүлгөнүн белгиледи.
Аламүдүн райоунун жашоочулары жолду тосуп чыкты
