"Буратинонун укмуштуу окуялары" тасмасындагы Мальвинанын ролун ойногон актриса Татьяна Проценко каза болду



"Буратинонун укмуштуу окуялары" тасмасындагы Мальвинанын ролу менен таанылган актриса Татьяна Проценко 54 жашында бул дүйнө менен кош айтышты. Мындай маалыматты анын жолдошу Алексей Войтюк "РИА Новости" басылмасына билдирген.
Андагы маалыматта айтылгандай, актриса үч жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келген. Ал кечээ, 19-майда оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган.
Татьяна Проценко 1968-жылы 8-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Ал "Буратинонун укмуштуу окуялары" тасмасынан тышкары, 2014-жылы "Жашоо жомок эмес" ("Жизнь не сказка"), 2017-жылы "Кинонун сырлары" ("Тайны кино") тасмаларына тартылган.
Актрисанын артында 21 жаштагы кызы жана 16 жаштагы уулу калды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:12
2025-07-01
20:26
2025-07-01

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.