super.kg logo

"Унаалардын эшигин талкалап акча уурдаган". Чүйдө 49 жаштагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Чүй облусунда уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Ата райондук милициясына 34 жаштагы тургун арыз менен кайрылган. Анда 7-майда саат 11:20 чамасында белгисиз адамдар Кант шаарынын борборунда токтоп труган Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаанын эшигин талкалап, акчасын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 200-беренеси "урдоо" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

"Иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 49 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Жогоруда аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турганы аныкталган.

Мындан сырткары шектүүгө карата Жалал-Абад облусунун аймагында уурдоо фактысы менен козголгон иш бар экени белгилүү болду. Ал ушундай эле жол менен Жалал-Абад облусунун көчөлөрүнүн биринде токтоп турган унаанын ичинен 390 миң сомдон ашык акчасын уурдап, ага карата издөө жүрүп жаткан. Кармалган жарандын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилип жатат. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти облустук милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: