super.kg logo
  Спорт  

Бокс. Дүйнө чемпиондугу – 2013: Азат Үсөналиевдин жеңишин калыстар казак мушкерине ыйгарды

Биздин боксчулардан Азаттын медаль алууга болгон мүмкүнчүлүгү чоң болчу
Биздин боксчулардан Азаттын медаль алууга болгон мүмкүнчүлүгү чоң болчу
Казак мушкеринин жеңишке жетүүсүнө анын таамай соккулары эмес, калыстардын упайларды түшүнүксүз санаганы жардам берди
Казак мушкеринин жеңишке жетүүсүнө анын таамай соккулары эмес, калыстардын упайларды түшүнүксүз санаганы жардам берди
Бокс боюнча Кырыгзстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов

22-октябрь күнү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунун 9-күнүндө 52 килограмм салмактагы кыргыз боксчусу Азат Үсөналиев 1/8 финалдык беттешин өткөрдү. Азат 1/8 финалда мелдеш кожоюну казакстандык Ильяс Сулейманов аттуу боксчу менен кез келип, беттештин жыйынтыгында 2 калыс казак мушкерин жеңүүчү деп тапса, бир калыс Азатты жеңүүчү деп тапты. Беттештин өзүнө келсек 1-раундда Азат чапчаң кыймылдап, бир нече таамай соккулары менен эсте калса, казак мушкери бул учурда 2-номур менен иштеп эч кандай аракети эсте калган жок. Ал эми 2-раундда казак мушкери аралыкты кыскартууга аракет кылып жатты, Азат аралыкты мыкты кармап, эки боксчу тең жогорку ылдамдыктагы бокс тартуулашты. 3-раундда эки боксчу тең бири-бирине бир нече таамай соккуларды узатууга жетишти, бирок Азат 1-номур менен ойноп активдүү болуп жатты. Беттеш жыйынтыкталганда Азат жеңишке жеткенине ишенип, кубанып турса, казак мушкери утулгандай абалда турган болчу. Бирок калыстар түшүнүксүз болгон 2:1 эсеби менен казак мушкерин жеңүүчү деп атады. Мындай чечим Азат үчүн да күтүүсүз болуп, ызасын жашырган жок. Чынында казак мушкери жеңишке татыктуу беттеш өткөрө алган жок. Ошондуктан калыстар кайсы беттешти көрүп отурганы суроо жаратпай койбойт. Ошондой эле калыстар жеңүүчүнү кандай аныкташканы да белгисиз. Сырттан карап турган кишиге калыстар сөзсүз мелдеш кожоюну жеңиш керек деген талап менен жеңүүчүнү аныктагандай эле болду. Казак мушкери өзү да  беттештен кийин берген маегинде жеңдим деп айта алган жок. “Мен Азат Үсөналиев менен буга чейин эки ирет кездешкем, бирөөндө ал, бирөөндө мен жеңишке жеткем. Бүгүн болсо өз үйүмдө ойноп жаткандан кийин бир аз ишенимдүү беттеш өткөрүүгө аракет кылдым”-, дейт казак мушкери Ильяс Сулейманов. Ал эми учурда Дүйнө чемпиондугунда жолун улап жаткан бир гана кыргыз мушкери калды. Ал 64 килограмм салмактагы Эрмек Сакенов. Бирок анын да чейрек финалдагы атаандашы казак мушкери болгондуктан таза жеңишке жетпесе, жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү өтө аз. Эрмек бүгүн, 23-октябрь күнү саат 14:00дө казакстандык Мерей Акшалов менен беттешет.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
23.10.2013. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Казактар эмнегедир коз коруно эле наглыйланып баратышат.Аллахым журокторуно ыйман салсын!
23.10.2013. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
казактар эркекче болгула.
23.10.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
e4nerse dei albaim,birok i4imde sogunup jatam, bir nerse desem ele srazu banga aidait eken :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: