super.kg logo

"Башка көрүстөнгө коюлган деп каттоодон өткөрүп". УКМК көр сатууга шектүү кызматкер кармалганын маалымдады

 

"Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы" мамлекеттик ишканасында туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, "Бишкек маркумду акыркы сапарга узатуу кызматы" мамлекеттик ишканасынын жеке кызматкерлери маркумду көмүүдө аларды башка көрүстөндөргө коюлган деп каттоодон өткөрүп, расмий документтерди жасалма жол менен Чоң-Арык айылындагы Түштүк-Батыш көрүстөнүнө көмүүгө 1000 доллардан 5000 долларга чейин сый акы алып жүрүшкөн.

"18-майда сотко чейинки териштирүү материалдардын алкагында аталган ишкананын кызматкери маркумдун сөөгүн Чоң-Арык айылындагы консервацияланган көрүстөнгө коюу үчүн 40 миң сом алып жаткан жеринен кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө", - деп жазылат атайын кызматтын маалыматында.

Эске салсак, бош жер калбаганына байланыштуу Бишкектеги Түштүк-Батыш көрүстөнүнө сөөк коюу 2021-жылдын 1-январынан тартып токтотулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
20.05.2021. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Танкаласын бизде коррупция онуккону ушунча.жада калса олгон адамдан да акча жазап кала алышат.
Shabi түзөттү 2021-05-20 12:18:32
20.05.2021. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жакшы жанылык.Ушундай мите курттардын айынан өнүкпөй жүрөбүз кыргызым . Алга Ташиев.
20.05.2021. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Раматылык Улан Эгизбаев буларды чукуп чыккан эле, УКМК акыры буларды дагы кармаптыр жакшылап териштирсеңер мэрия тараптан дагы бул ишке аралашкандар болсо керек.
20.05.2021. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уландын эмгеги жерде калбаганы суйундурду УКМК Ийгилик!!!
20.05.2021. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Корупция менен кармалгандарды атбаса болбой калыптыр.
21.05.2021. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан корпогондор
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: