super.kg logo

Новопокровкада уурдалган Daewoo унаасы табылды. Аны айдап качкан жаран изделүүдө

 

Чүйдөгү Новопокровкадагы балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн уурдалган унаасы табылды. Бул тууралуу "Биздин үн" коомдук фондунан билдиришти.

Маалыматка караганда, унааны айдап качкандар аталган айылдагы үйлөрдүн бирине таштап кетишкен.

"Урматтуу достор, ар бир бөлүшкөн досторго жана ЖМКларга, баарыңыздарга рахмат, унаа табылды. Унаа эч нерсе болбогонуна биз кубанычтабыз", - деп жазган алар социалдык тармактагы баракчасына.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталы Чүй ОИИББине байланышканда, учурда унааны айдап качкан жаран милиция кызматкерлери тарабынан изделип жатканын билдиришти.

Эске салсак, буга чейин Новопокровка айылындагы "Биздин үн" социалдык балдар үйүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн унаасын уурдап кетишкени кабарланган. Андагы маалыматка ылайык, балдар аталган унаа менен тамак-ашка, дегеле бардык керектөөлөрү үчүн каражат табышчу.

Унаанын үлгүсү Daewoo Damas, 2000-жылы чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: